ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 28-апрели – Karavan Info маалымат агенттиги. Москвага болгон сапарынын алкагында Ооганстандын "Брешна" энергетикалык компаниясынын аткаруучу директору Абдулхак Хамкар Россиянын энергетика министринин орун басары Владимир Хазов менен жолугушуп, эки тарап электр энергиясы жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Компаниянын маалыматы боюнча, орус тарап Ооганстан менен энергетикалык жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүү алардын жумушчу күн тартибинин маанилүү бөлүгү экенин белгилеп, андан ары кызматташууга даяр экенин ырастады.
Ошондой эле, Талибандын Москвадагы элчиси Гүлхасан Хасан жана Брешнанын жетекчиси катышкан жолугушууда соода, техникалык жана энергетикалык кызматташтык маселелери талкууланганы кабарланды. Ооган тарап өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Россияга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Сүрөт: Москвадагы Ооганстан элчилиги
