МОСКВА, 2026-жылдын 19-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Орусияда 18-сентябрда 9-чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын депутаттарын үч күндүк шайлоо башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоо участоктору жабылгандан кийин өлкө боюнча шайлоочулардын катышуусу 29,43% түзгөн. Ошондой эле аймактык жана муниципалдык шайлоолор жүрүп жатат.

Алыстан электрондук добуш берүү 33 аймакта жеткиликтүү. Москвада биринчи күнү добуштардын көпчүлүгү онлайн режиминде берилген, ал эми Санкт-Петербургда шайлоочулардын олуттуу бөлүгү салттуу шайлоо участокторунда добуш беришкен.
Ыраакы Чыгышта шайлоочулардын катышуусу Орусиянын орточо көрсөткүчүнөн жогору болду: Чукоткада – 35,91%, Магадан облусунда – 30%дан ашык, Приморьеде – 29,23%.
Добуш берүү 20-сентябрга чейин уланат. Добуш берүү аяктагандан жана бюллетендер саналгандан кийин алдын ала жыйынтыктар чыга баштайт.
Сүрөт: РИА Новости
