Ош шаарында бүткүл дүйнөлүк психологдордун күнү белгиленди - ИА Караван Инфо
Ош шаарында бүткүл дүйнөлүк психологдордун күнү белгиленди

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунда Бүткүл дүйнөлүк психологдор күнүнө карата иш-чара өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, психология тармагында эмгектенген адистерди кесиптик майрамы менен куттуктап, Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары, Ардак грамотасы менен сыйлады.

Иш-чаранын алкагында “Психологдордун бүгүнкү күндөгү орду” аталышындагы презентация тартууланып, психикалык саламаттыктын маанилүүлүгү тууралуу кыскача видеотасма көрсөтүлдү.

Ошондой эле, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, психологиялык көйгөйү бар балдарга кам көрүү, жардам берүү, пробация боюнча маселелер талкууланып, муниципалдык аймактык башкармалыктар, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте алып барылган иш-аракеттер тууралуу маалыматтар берилди.

Мындан сырткары, катышуучулар арасында нейро-көнүгүүлөр аткарылып, психологиялык трансформациялык оюндар өткөрүлдү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: