Ош шаарынын 4 спортчусу Таэквондо ITF боюнча Дүйнөлүк Кубокто чемпион болушту - ИА Караван Инфо
Ош шаарынын 4 спортчусу Таэквондо ITF боюнча Дүйнөлүк Кубокто чемпион болушту

Ош шаарынын 4 спортчусу Таэквондо ITF боюнча Дүйнөлүк Кубокто чемпион болушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Кубок 2-8-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын улуттук курама командасынын курамында Ош шаарынан 13 спортчу катышып, алардын ичинен 4 спортчу алтын медаль, 3 спортчу күмүш медаль дагы 2 спортчу коло медаль тагынышты.

Мындан тышкары, үч спортчу курама командасынын курамында командалык спаррингдерде 2-орунду ээлешти.

Чемпионатка жалпы жонунан 34 өлкөдөн 1200гө жакын спортчу катышкан.

Мелдештер ар кандай категориялар жана спаррингдер боюнча өткөрүлдү.

Кыргыз курама командасы жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.

Ош шаарынан медаль жеңип алган спортчулар:

►2-орун

►3-орун

Командалык спаррингдерде:

►2-орун

Аталган Кубокто Ош шаарынын машыктыруучусу Фаррух Садыков калыстык кылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: