Ош Сиань шаары менен эки тараптуу байланыштарды өнүктүрөт
Күн мурун, 18-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кытайдын Сиань шаарынын Элдик саясий кеңешинин төрагасы Ван Жидэ баштаган делегация менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар соода-экономика, туризм, билим берүү, маданият тармактарында тажрыйба алмашуу, айыл чарбасында технологияларды өнүктүрүү жана экология жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алышты.
Жыйынтыгында Ош жана Сиань шаарларынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Эскерте кетсек, 2019-жылы эки шаар ортосундагы туруктуу достук жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн меморандумга кол коюлган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
