Ошто 225 окуучуга эсептелген мектептин курулушу башталды
Ош шаарына караштуу Озгур айылында республикалык бюджеттин эсебинен мектептин курулушу башталды, деп билдирет Мамкурулуш агенттиги.
Жаңы мектеп 3 блоктуу 3 кабаттуу окуу корпустан турган, спорттук залы жана өтмө галереясы менен курулат. Жалпы аянты 2034 чарчы метрди түзгөн билим берүү объекттин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген.
Мектептин долбооруна ылайык негизги класстык кабинеттерден тышкары: актовый зал, компьютердик класс, лаборатория, китепкана жана сырткы волейбол, баскетбол аянтчалары каралган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
