Ошто билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү - ИА Караван Инфо
Ошто билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгында бүгүн, 13-ноябрда жогорку окуу жайларынын жетекчилери, шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, мектептердин жана балдар бакчаларынын директорлору менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, Ош шаардык прокуратурасынын, УКМКнын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда окуучулардын коопсуздук ченемдерин жана эрежелерин катуу сактоо, билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин эмгек ишмердүүлүгү, аталган тармакта коррупциянын алдын алуу жана болтурбоо боюнча маселелер талкууланды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: