Ошто эл аралык шахмат турнири өтүүдө - ИА Караван Инфо
Ошто эл аралык шахмат турнири өтүүдө

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде эл аралык шахмат турнирине старт берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Шахматтын классикалык түрү боюнча турнирге Өзбекстан, Россия жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 200дөй спортчу катышууда.

Спорттук иш-чараны Ош шаардык шахмат федерациясы менен Ош шаарынын мэриясы биргеликте уюштурууда.

Белгилей кетсек, мындай турнир Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүүдө.

Турнир 9-ноябрга чейин уланат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: