Ошто куткаруучулар топурак астында калган жаранды аман сактап калышты
Ошто куткаруучулар канализация өтчүүчү жерди казып жатып, топурак басып калган жаранды куткарды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Окуя бүгүн Амирт-Тимур кичи районунун Х. Абдуллаев көчөсүндө болгон.
24 жаштагы А.Н. аттуу жаранды куткарууга төрт куткаруучу тартылган.
“Куткаруучулар жабыркаган жаранга аба баллонун кийгизип, топурак астынан атайы шаймандардын жардамы менен чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти”, – деп айтылат билдирүүдө.
Дарыгерлердин айтымында, жабыркаган жарандын абалы орто.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
