Ошто мектептердин ашканаларында санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышы текшерилүүдө - ИА Караван Инфо
Ошто мектептердин ашканаларында санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышы текшерилүүдө

Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү комиссиясы тарабынан бүгүн мектептердин ашканалары текшерүүгө алынды.

Анын жүрүшүндө тез даярдалуучу жана ысык тамак-аштардын сапатына, санитардык-гигиеналык абалга, тамак-аш сактоочу кампаларга тыкыр көз салынды.

Комиссиянын курамына Ош шаардык мэриясынын адистери, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, билим берүү башкармалыгынын жана ветеринардык кызматтын адистери кирди.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары Ош шаарынын мэриясынын калк саламаттыгын сактоо боюнча Координациялык кеңешмесинде каралат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: