Ошто "Жаркын келечек” аталышындагы форум өттү - ИА Караван Инфо
Ошто "Жаркын келечек” аталышындагы форум өттү

Оштогу Бабур театрында 25-декабрда “Жаркын келечек” аталышындагы форум өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Форумга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, шаардык кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, билим берүү тармагынын жана дин өкүлдөрү катышты.

Форумдун алкагында жарандардын укуктарынын коргоолушун жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, укук бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттер тууралуу маалыматтар берилип, форумдун резолюциясы тааныштырылды.

Ошондой эле, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан даярдалган видео тасма, мектеп окуучуларынын “Зордук зомбулукка жол жок” аталыштагы кыскача спектакль көрсөтүлдү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: