Пакистан менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы кызматташтыкты арттыруу маселеси талкууланды - ИА Караван Инфо
Пакистан менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы кызматташтыкты арттыруу маселеси талкууланды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. 

Маалыматка ылайык, тараптар Пакистан менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы өз ара кызматташтык алакаларын жакшыртуу боюнча пикир алмашты.

Мындан сырткары, билим берүү тармагындагы буга чейинки натыйжалуу кызматташтык аракеттери белгиленип, аймактагы пахта өндүрүмүн жогорулатуу боюнча сөз болду. Элчи Жалал-Абад облусунун тоо-кен тармагын иштетүүдөгү тажрыйбасына кызыктар экенин белгиледи.

Облус башчысы Тилек Текебаев тараптардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн шарттаган бардык тармактар боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: