Парламент Кыргызстанда электрондук тамеки чыгарууну жактырды - ИА Караван Инфо
Парламент Кыргызстанда электрондук тамеки чыгарууну жактырды

Жогорку Кеңештин 20-ноябрындагы жыйынында “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды. 

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев, Марлен Маматалиев. 

Мыйзам долбоорун Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Толонов тааныштырды. 

Мыйзам долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун ишке ашыруу, мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүдөгү муктаждыктарын канааттандыруу, экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу, “Бишкек” ЭЭЗ аймагында иш алып барган ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү, таза атаандаштык үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамынын мында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 427-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды, боштуктарды жана түшүнүксүздүктөрдү жоюу болуп саналат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: