Первый Международный конкурс артистов балета «Улуу-Элес» пройдет в Бишкеке - ИА Караван Инфо
Первый Международный конкурс артистов балета «Улуу-Элес» пройдет в Бишкеке

2024-жылдын 11-15-декабрында А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз ССРинин эл артисти жана СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Уран Сарбагышевдин 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралар өтөт.

11-декабрда салтанаттуу иш-чаранын алкагында Биринчи Эл аралык балет артисттеринин “Улуу-Элес” конкурсу жана жаңыланган “Куйручук” балетинин премьерасы өтөт, башталышы 19:00дө.

Конкурс 12-14-декабрда балет артисттеринин жана хореографиялык окуу жайларынын студенттеринин катышуусунда өтөт.

Иш-чаранын жыйынтыгы 15-декабрда өтчү Гала-концерт менен жыйынтыкталат, ага Кыргызстандын мыкты бийчилери жана конкурстун жеңүүчүлөрү катышат.

Өтүүчү жери: А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: