Кыргызстанда акыркы төрт жылда кылмыштын катталуусу дээрлик 50 пайызга төмөндөп, коомдук жайларда одоно тартип жана мыйзам бузуулар жөнгө салынып келе жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган “Ала-Тоо” аянтындагы салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Анын айтымына караганда, өлкө аймагындагы коомдук жайларга төрт миңден ашуун видео-камералар орнотулуп, алар аркылуу күнү-түнү көзөмөл жүргүзүлүп, жалпыга бирдей болгон коомдук тартип сакталып келүүдө.
“Мына ушундай саамалыкты улай быйылкы жылдын башынан бери Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына 100 жаңы имарат ачуу демилгеси ийгиликтүү ишке ашып, бардык аймактарда заманбап шарттары менен жаркыраган жаңы имараттар, биринин аркасынан бири ачылып, колдонууга берилүүдө.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жакында эле “Коопсуз шаар” долбоорун Ички иштер министрлигинин карамагына толугу менен өткөрүп берүү Жарлыгын чыгарып, бир катар тапшырмаларды бердим.
Азыркы учурда Ички иштер министрлиги бул долбоорду “Коопсуз өлкө” долбооруна айлантып, жалпы республикага жайылтууга бел байлап турат.
Мунун баары элибиздин коопсуздугуна, кылмышы жана укук бузуусу жок өлкөнү курууга карата жасалган мамлекеттик деңгээлдеги кадамдар экенин баса белгилеп кетейин.
Жакынкы келечекте дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратууга Ички иштер министрлигинин толук мүмкүнчүлүгү бар”, – деди президент.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
