Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 “Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Бул Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Ал “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому менен “Элдик Банк” ачык акционердик коомунун “Топтомо ипотека” продуктусун ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Турак жайды каржылоо багыттары боюнча ипотекалык кредиттин суммасы:
“Топтомо ипотека” продуктунун алкагында – сатып алынган турак үйдүн наркынан 20 (жыйырма) %дан ашык эмес.
“Топтомо ипотека” продуктусу (мындан ары – продукт) – бул “Турак жайды үлүштүк куруу” механизмин пайдалануу менен “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жайды сатып алуунун комплекстүү процесси.
Берүү шарттары:
“Менин үйүм” турак жай программасындагы “Турак жайды үлүштүк куруу” механизми боюнча продукт катышуучуларга турак жайды жеңилдетилген шартта, минималдуу баштапкы чыгымдар жана мамлекеттин колдоосу менен сатып алууга мүмкүндүк берүү менен калктын кеңири катмары үчүн аны жеткиликтүү кылат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
