Президент Садыр Жапаров Ереванда өткөн COP17 лидерлер саммитинин ачылышына катышты. - ИА Караван Инфо
Президент Садыр Жапаров Ереванда өткөн COP17 лидерлер саммитинин ачылышына катышты.

Бишкек, 2026-жылдын 16-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Армениянын Ереван шаарында өткөн БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) Лидерлер саммитинин расмий ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысын иш-чара өтүүчү жерге келгенден кийин Армения Республикасынын Президенти Ваагн Хачатурян жана Премьер-министр Никол Пашинян тосуп алышты.

Расмий аземдин жүрүшүндө мамлекет жана өкмөт башчыларына театрлаштырылган оюн көрсөтүлдү.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы