Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, иш сапары менен Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Королдугу) келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысынын борту Эр-Рияд шаарынын Король Халид атындагы эл аралык аэропортуна конду.
Учактан түшө беришинде килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди.
Президент Садыр Жапаровду Эр-Рияд провинциясынын губернатору Файсал бин Бандар бин Абдулазиз Аль-Сауд жана башка расмий адамдар тосуп алды.
Эскерте кетсек, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина жана түштүк Ливан, ошондой эле жалпы эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
