Президент Садыр Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат.
Бишкек, 2026-жылдын 14-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Корея Республикасынын Президенти Ли Чжэ Мёндун чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 15-сентябрдан 18-сентябрга чейин Корея Республикасына расмий сапар менен барат.
Президент Садыр Жапаров сапарынын алкагында биринчи Борбордук Азия-Корея Республикасы саммитине катышат, анын жыйынтыгында Сеул декларациясы кабыл алынат деп күтүлүүдө.
Мамлекет башчысы ошондой эле Кореянын жогорку даражалуу жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Сапардын жыйынтыгында экономика, инвестиция, бажы жана башка тармактардагы эки тараптуу документтердин пакетине кол коюу пландаштырылууда.
