Президент Садыр Жапаров Сеулдагы Чонг Ва Дэ мамлекеттик резиденциясына келди.
Бишкек, 2026-жылдын 16-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Сеулдагы Чонг Ва Дэ мамлекеттик резиденциясына келди.

Кире бериште мамлекет башчысын жана Кыргыз Республикасынын биринчи айымын Кореянын президенти Ли Чжэ Мён жана Корея Республикасынын биринчи айымы Ким Хе Гён тосуп алышты.
Тосуп алуу аземинен жана биргелешкен сүрөткө түшкөндөн кийин Садыр Жапаров Ардактуу коноктор китебине кол койду, андан кийин лидерлер сүйлөшүү залына жөнөштү.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
