Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2027-жылдарга карата экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү Программасынын алкагында Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын аймактык органдарындагы кызматкерлери үчүн экстремисттик көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча лекция уюштурулду.
Лекцияны Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй башкармалыгынын кызматкери жана Пробация департаментинин теологу өткөрүшүп, экстремизмге каршы күрөшүү жана радикалдашуунун алдын алуу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө пробация кардарларынын арасында экстремизм коркунучтарын аныктоо жана алдын алуу үчүн негизги ыкмалар жана инструменттер каралды.
Бул иш-чара кызматкерлердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана алардын экстремисттик көрүнүштөрдүн алдын алуу жаатындагы билимдерин бекемдөөгө багытталган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
