МОСКВА, 2026-жылдын 27-апрели – Karavan Info маалымат агенттиги. 26-апрелде Кремлдин расмий сайтында Россиянын президенти Владимир Путиндин Пхеньяндагы Чет элдик аскердик операциянын баатырларынын мемориалдык комплексинин жана аскердик эрдиктер музейинин ачылыш аземинин катышуучуларына кайрылуусу жарыяланды.

Мамлекет башчысы россиялык аскерлер менен бирге Курск облусун бошотууга катышып, эрдик жана жан аябастык көрсөткөн Корея элдик армиясынын жоокерлерине жана офицерлерине ыраазычылык билдирди. Путин алардын эрдиктери орусиялык жарандардын эсинде түбөлүккө сактала турганын белгиледи.
Ошондой эле, президент Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга бул мемориалдык долбоорду ишке ашырганы үчүн ыраазычылык билдирип, Москва менен Пхеньян ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдей берерине ишеним билдирди.
Сүрөт: РИА Новости
