Путин Орусиянын күйүүчү май рыногундагы кырдаалга баа берди.
МОСКВА, 2026-жылдын 23-июлу – Karavan Info маалымат агенттиги. Орусиянын президенти Владимир Путин күйүүчү май рыногундагы кыйынчылыктар убактылуу экенин жана өлкөнүн экономикасына олуттуу таасир этпей турганын билдирди.

Кремлде өткөн экономикалык маселелер боюнча жыйында мамлекет башчысы отун-энергетика тармагына тышкы таасир этүү аракеттерине карабастан, орус экономикасынын жана негизги тармактарынын туруктуулугун белгиледи.
Буга чейин Орусиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин (РӨИБ) башчысы Александр Шохин күйүүчү май рыногундагы кырдаал начарлоону токтотконун билдирген.
Сүрөт: Гавриил Григоров / РИА Новости
