Расмий маалымат! Акылбек Жапаров кызматынан бошотулду
Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Жапаров Акылбек Усенбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
