Россия жана Африка Өнөктөштүк форумунда алмаз тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт - ИА Караван Инфо
Россия жана Африка Өнөктөштүк форумунда алмаз тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт

“Россия – Африка” өнөктөштүк форумунун биринчи министрлер конференциясынын алкагында катышуучулар дүйнөлүк асыл таштар рыногунда туруктуулукту сактоо үчүн эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Конференциянын биргелешкен билдирүүсүндө, өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк, айрыкча, алмаз индустриясын жөнгө салуунун эл аралык таанылган жалгыз механизми болгон Кимберли процессинин алкагында күчөгөнү айтылат.

“Биз Кимберли процессинин алкагында баалуу таштар рыногунда туруктуулукту сактоо үчүн конструктивдүү жана жемиштүү эки тараптуу кызматташтыктын активдешүүсүн белгилейбиз”, — деп айтылат документте. Тараптардын өкүлдөрү ошондой эле Африка өлкөлөрүндө алмаз өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган африкалык Алмаз өндүрүүчүлөр ассоциациясы аркылуу кызматташууну кеңейтүүнү колдошту.

2003-жылы башталган Кимберли процесси Куралдуу кагылышууларды каржылоо үчүн колдонулган “чыр-чатактуу алмаздардын” – баалуу таштардын соодасынын алдын алуу боюнча эл аралык демилге болуп саналат.

Сүрөт: Pixabay.com

error: