Россиянын мода индустриясынын катышуучуларынын ассоциациясынын президенти кыргызстандык текстильге бренддердин кызыгуусун белгиледи - ИА Караван Инфо
Россиянын мода индустриясынын катышуучуларынын ассоциациясынын президенти кыргызстандык текстильге бренддердин кызыгуусун белгиледи

2024-жылдын 12-ноябрында Москва шаарында 18-эл аралык көргөзмө – BEE-TOGETHER жеңил өнөр жайда аутсорсинг боюнча бизнес платформасы ачылды.  Анын аянтында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Россия Федерациясындагы Мода индустриясынын катышуучуларынын Ассоциациясы (RAFI) менен жигердүү иш алып баруусу менен, «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү мамлекеттик борборунун, «Евразия бизнес клубу» ОЮЛ текстилди өнүктүрүү боюнча борборунун колдоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көргөзмөсү 64-ата мекендик тигүү жана текстиль ишканаларынын катышуусу уюштурулду.

Көргөзмө менен таанышуу учурунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев өлкөбүздүн тигүү жана текстиль өнөр жайынын жогорку экспорттук жана өндүрүштүк потенциалын өзгөчө белгилеп, соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-орус кызматташтыгын кеңейтүүгө кошкон салымы үчүн уюштуруучуларга жана көргөзмөнүн катышуучуларына-Кыргызстандын компанияларынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди жана Кыргыз Республикасынын алдыңкы соода өнөктөштөрүнүн бири болгон ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын Россиянын рыногуна чыгышын камсыз кылуу үчүн ушундай натыйжалуу аянтчаларды түзүү аркылуу экономикалык дипломатияны мындан ары жигердүү илгерилетүү зарылдыгын баса белгиледи.

РАФИнин  Президенти Татьяна Белькевич, кыргыз тарабына ыраазычылык бидирүү менен 18-BEE-TOGETHER эл аралык көргөзмөсүндөгү Кыргыз Республикасынын тигүү жана текстиль өнөр жайынын катышуучуларынын болуп көрбөгөндөй жогорку санын белгиледи жана россиялык кардарлардын, корпоративдик бренддердин да, федералдык соода түйүндөрүнүн жана базарлардын да Кыргызстандын фабрикаларына кызыгуусу өсүп жатканын канааттануу менен айтып өттү.

18-BEE-TOGETHER эл аралык көргөзмөсү Москва шаарында 2024-жылдын 14-ноябрына чейин өтөт. Көргөзмөнүн биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар кыргызстандык компаниялар кийим-кече жана текстиль буюмдарын жеткирүү боюнча бир катар келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө жетишти.

18-BEE-TOGETHER эл аралык көргөзмөсүнө катышып жаткан Кыргыз Республикасынын тигүү-текстиль компанияларынын тизмеси менен төмөнкү сайттан тааныша аласыздар:  https://expo.bee-online.ru/together-18/

Маалымат үчүн: «Bee-Together» – бул жеңил өнөр жай тармагындагы B2B-бизнес платформасы түрүндөгү, фабрикаларды потенциалдуу кардарлар – бренддер, чекене сатуучулар, корпоративдик кардарлар жана башкалар менен байланыштырган Россиядагы жана КМШдагы алдыңкы адистештирилген Эл аралык көргөзмөлөрдүн бири. РАФИ жылына эки жолу уюштуруп жаткан иш-чарага эл аралык өндүрүүчүлөр (КМШ өлкөлөрүнүн, Кытай, Түркия, Бангладеш ж.б. фабрикалар) катышууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: