2025-жылы ички дүң продукциянын көлөмү бир триллион сегиз жүз миллиард сомдон ашат. Бул 2020-жылга салыштырмалуу экономикалык ресурстар үч эсеге көбөйөт дегенди билдирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Элдик курултайда билдирди.
Анын айтымына караганда, мамлекеттин экономикалык өсүшү жаңы тарыхый чектерди багындырууда.
“Алсак, 2020-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 639 млрд сомду түзсө, биз быйыл 1,5 триллион сомдук чекке жетүүнү пландап жатабыз. Бул кыска убакыттын ичинде өлкө экономикасынын көлөмүн 2,5 эсеге көбөйттүк дегенди билдирет”, – деди ал.
Мамлекет багчысы жылдан-жылга өлкөнүн бюджети да тездик менен өсүп жаткандыгын кошумчалады.
“Бюджет 2020-жылы 247 млрд сомду түзгөн. Быйыл жылдын аягына чейин 687 млрд сомго жеткиребиз, бул 2020-жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик үч эсе жогору. 2025-жылы 700 млрд сомдон ашырып, муну менен биз өлкөнүн финансылык өзөгүн мындан ары да бекемдей беребиз”, – деди ал.
Белгилей кетсек, Бишкекте III Элдик курултай өтүүдө. Анын ишине 700дөй делегат катышууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
