Садыр Жапаров автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү киргизүүгө каршы - ИА Караван Инфо
Садыр Жапаров автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү киргизүүгө каршы

Президент Садыр Жапаров автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү киргизүү сунушуна каршы. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. 

Анын айтымына караганда, бул демилгени мамлекет башчысы төмөнкү жүйөөлөрдүн негизинде колдобойт.

“Учурда өлкөдөгү эски унаалардын саны азайган. Такси кызматын көрсөткөндөр автоунааларынын техникалык абалы жакшы болушуна биринчи кезекте өздөрү кызыкдар. Эң башкысы, милдеттүү түрдө техникалык кароону киргизүү бул функцияны өзүнө алган органда коррупциялык тобокелдиктерге жол ачышы ыктымалдыгы жогору.

Жогорудагыларды эске алуу менен президент Садыр Жапаров техкароону кайра киргизүүнү караган мыйзам долбоорун коомдук талкуудан алып коюу сунушун берди”, – деди Алагөзов. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: