Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Аравиясына барат - ИА Караван Инфо
Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Аравиясына барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-ноябрда Сауд Аравия Королдугуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
 
“Сапарынын алкагында мамлекет башчысы Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина жана түштүк Ливан, ошондой эле жалпысынан Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда. Саммиттин алкагында президент Садыр Жапаровдун сөз сүйлөөсү, ошондой эле Сауд тарап менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылууда”,- деди Муратбек Азымбакиев.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: