Садыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга жөнөп кетти. Коштоп кеткендер - ИА Караван Инфо
Садыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга жөнөп кетти. Коштоп кеткендер

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Татарстан Республикасына (Казань шаары) жөнөп кетти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

– Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Боконтаев.

Эскерте кетсек, алдыдагы саммиттин жүрүшүндө көп тараптуулукту бекемдөөгө, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: