Бишкек, 2026-жылдын 25-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген кайгылуу окуядан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты.
«Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда болгон кайгылуу окуянын кесепетинен Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
"Ушул оор учурда Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтып, колдоо сөздөрүмдү билдирем. Жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм", – деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
