Садыр Жапаров расмий сапар менен Венага келди - ИА Караван Инфо
Садыр Жапаров расмий сапар менен Венага келди

ПрезидентСадыр Жапаров 24-ноябрда расмий сапар менен Австрия Республикасына келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. 

Венанын эл аралык аэропортунда мамлекет башчысын Австрия Республикасынын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин протоколунун жетекчиси Максимилиан Хеннинг тосуп алды.

Венанын эл аралык аэропортунун флагштокторуна Кыргызстандын жана Австриянын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлдү.

Расмий сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Австриянын Федералдык президенти Александер Ван дер Беллен менен чакан жана кеңейтилген форматта, Федералдык Канцлер Карл Нехаммер, ошондой эле Улуттук кеңештин Төрагасы Вальтер Розенкранц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: