Садыр Жапаров Тажикстан менен чек ара посттору качан ачыларын айтты - ИА Караван Инфо
Садыр Жапаров Тажикстан менен чек ара посттору качан ачыларын айтты

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик “Кабар” агенттигине берген маегинде коңшу Тажикстан менен чек ара посттору качан ачыларын айтып берген.

Мамлекет башчысынын айтымына караганда, посттор эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин бүтөрү менен ачылат.

“Жергиликтүү элдин талабы да бизге ушундай болчу. Делимитация иштери бүткөндө ачкыла деген. 3 жылдан бери чек ара посттору жабык турат. Мындан эки тарап тең экономикалык зыянга учурады. Соода-сатык токтоп калды. Эми чек ара постторун ачып, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты эң жогорку денгээлге чейин чыгарышыбыз керек.

Мындан ары эки элдин ортосунда эч кандай талаш-тартыш маселелери болбош керек. Эки эл ынтымактуу жашасак ошол өрөөнгө инвесторлор, туристтер агылып келет. Эки элдин жашоо турмушу оңолот. Чек ара маселеси бүтпөгөн жерге эч бир инвестор келбейт экен, кызыкпайт да экен”, – деди президент.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: