«Салтанат» ансамбли Астанада жаңы жаркын программасын тартуулады - ИА Караван Инфо
«Салтанат» ансамбли Астанада жаңы жаркын программасын тартуулады

«Салтанат» мамлекеттик бий ансамбли астаналыктарды «Кун дидарлы Казакстан» аттуу жаны концерттик программасы менен кубандырды. Программада казактын салттуу бийлери жана өлкөнүн маданий көп түрдүүлүгүн чагылдырган жандуу спектаклдер көрсөтүлдү. Көрүүчүлөр казактын жалындаган бийлерин, ошондой эле дүйнө элдеринин: монгол, орус, өзбек, тажик, уйгур, корей жана татар элдеринин бий номерлерин көрүштү.

Концертте бий номерлеринен тышкары белгилүү казак вокалисттери да өнөрлөрүн тартуулашты. Алардын жандуу үндөрү шоунун жаркын палитрасын толуктап турду.

“Салтанат” ансамбли 70 жылдан ашык убакыттан бери көрүүчүлөрдү чыгармачылыгы менен кубандырып келет. Бул топ жылдар ичинде улуттук хореографиянын бай мурасын даңазалап, көрүүчүлөрдү дүйнөнүн түрдүү элдеринин бий маданияты менен тааныштырып, казак искусствосунун символдорунун бирине айланды.

Сүрөт: Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин басма сөз кызматы

error: