Салык кызматы 800 миң сомдук дары-дармектердин мыйзамсыз импортун аныктады - ИА Караван Инфо
Салык кызматы 800 миң сомдук дары-дармектердин мыйзамсыз импортун аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Россия Федерациясынан дары препараттарын мыйзамсыз ташып кирүү аракетин токтотушту.

МСКнын маалыматына караганда, тактап айтканда, “Ош” эл аралык аэропортундагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жалпы суммасы 800 миң сомду түзгөн тиешелүү документтери жана тастыктамалары жок дары-дармектер аныкталган.

Азыркы учурда продукция тартып алынып, андан ары КР мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: