Салык кызматынын кызматкерлери башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте салык милдеттенмелерин жана жарандардын укуктарын түшүнүүсүн жакшыртууга багытталган семинарларды, тренингдерди жана консультацияларды өткөрүүдө.
Алсак, окутуу семинарлары Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош жана Баткен шаарларында болуп өттү, аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 1100дөн ашык кызматкерлери катышты.
“Жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалы” темасындагы жолугушуулардын жүрүшүндө Салык кызматынын кызматкерлери катышуучуларга төмөнкүлөр боюнча маалымат беришти:
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын салык маселелерине окутуу салык сабаттуулугун жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт, бул салык салуунун натыйжалуу системасын түзүүгө жана жергиликтүү бюджеттердин финансылык туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
