Салык кызматынын төрагасы жана анын орун басары кызматынан убактылуу четтетилди
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Абдувапов Алтынбек Каныбекович ээлеген кызмат ордунан тергөө мезгилине убактылуу четтетилди.
Ал эми Биринчи май району боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Кыдыров Кыдыкбек Догдурбековичке Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Минкаб төрагасынын башка тескемеге ылайык, Кыдыргычов Исламбек Намызбекович дагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан тергөө амалдарын жүргүзүү мөөнөтүнө убактылуу бошотулду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
