Сергий Пучков Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын жаңы башкы машыктыруучусу болду - ИА Караван Инфо
Сергий Пучков Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын жаңы башкы машыктыруучусу болду

Күн мурун Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде КФБ президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын оюнчулары менен жолугуп, аларды команданын жаңы машыктыруучусу менен тааныштырды.

Кыргыз футбол биримдиги кабыл алган чечимге ылайык жаштар курамасынын башкы машыктыруучусу болуп украиналык адис Сергий Пучков дайындалды.

Адис кезинде профессионалдык футбол оюнчусу катары СССР Чемпиону жана СССР Кубогунун ээси аталган.

Сергий Пучков оюнчулуктан кийин, машыктыруучу катары футболдогу карьерасын улантып, Украинанын эмгек сиңирген машыктыруучусу болгон. Адис Украинанын бир катар клубдарын жетектеп, 2024-жылдын сентябрь айында «Мурас Юнайтед» клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалган.

Жаңы адис менен келишим бир жылга ырасталып, Сергий Пучковдун жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын жаштар курамасы 2025-жылдын февраль айында орун ала турган Азия Кубогунда ойнойт.

Аталган Азия биринчилигине болгон даярдыктын алгачкы этабын курамабыз жакынкы күндөрү Ысык-Көлдө өткөрө баштайт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: