Бүгүн, 13-ноябрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында «2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов тааныштырды.
«Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо» долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын турак жай программасынын катышуучулары үчүн Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптери боюнча турак жай куруу жана ипотекалык продуктуларды берүү болуп саналат. Ислам өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасына 79 миллион АКШ доллары суммасында жеңилдетилген каржылоо берүү жөнүндө макулдашууга жетишилген.
Аталган каражаттар Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында болжол менен 112 525 чарчы метр жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылоо үчүн каралган. Болжолдуу эсептөөлөргө ылайык, 2000 үй-бүлө турак жай менен камсыз болот.
Ошондой эле жыйында “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда четке кагылса, “2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
