Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда 15-17-декабрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт - ИА Караван Инфо
Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда 15-17-декабрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызгидромет аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-17-декабрь күндөрү  Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

15-декабрда күндүз жана 16-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.

16-17-декабрларда абанын температурасы төмөндөп:

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: