Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт - ИА Караван Инфо
Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызстанда 13-14-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 13-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, 14-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

15-16-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3° ка жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: