ШКУ өкмөт башчыларынын Кеңешинин 23-жыйынында бир катар документтер кабыл алынды - ИА Караван Инфо
ШКУ өкмөт башчыларынын Кеңешинин 23-жыйынында бир катар документтер кабыл алынды

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешинин Исламабад шаарында (Пакистан Ислам Республикасы) өткөн 23-жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

-Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар Кеңешинин 23-жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике;

-ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана жолугушуулар жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын отчету боюнча Өкмөт башчылар Кеңешинин (Премьер-министрлердин) чечими;

-Шанхай Кызматташтык Уюмунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун 2023-жылга каржылык отчету боюнча Өкмөт башчылар Кеңешинин (Премьер-министрлердин) чечими; 

-Шанхай Кызматташтык Уюмунун 2025-жылга бюджети жөнүндө Өкмөт башчылар Кеңешинин (Премьер-министрлердин) чечими;

-Шанхай Кызматташтык Уюмунун Катчылыгынын штаттык таблицасы жөнүндө Өкмөт башчылар Кеңешинин (Премьер-министрлердин) чечими;

-Шанхай Кызматташтык Уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин штаттык таблицасы жөнүндө Өкмөт башчылар Кеңешинин (Премьер-министрлердин) чечими;

-Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосунда “Жаңы экономикалык диалогду” өнүктүрүү Концепциясы жөнүндө Өкмөт башчылар Кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими;

-2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай Кызматташтык Уюмунун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: