Бишкекте бүгүн, 26-декабрда Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин сот приставдарына жаңы 54 кызматтык автоунааны өткөрүп берүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.
Салтанаттуу иш-чара министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиевдин, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин жана Сот департаментинин директорунун орун басары, Башкы сот приставы Джылдыз Рыскулованын катышуусунда өттү.
«Өлкөбүздүн Сот приставдар кызматы түзүлгөндөн тартып биринчи жолу тарыхта “Тулпар моторс” ишканасынан чыгарылган “Шевроле Трекер” маркасындагы 54 даана жаңы кызматтык автоунааларды тапшыруу алдында турабыз. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу менен бир жыл мурун сот аткаруучуларга 47 автоунаа алып берсек, азыркы күндө Сот приставтарга өз өлкөбүздө чыгарылып жаткан 54 кызматтык автоунаа сатып алдык. Бул кызматтык автоунаалар Сот приставдарынын күнүмдүк кызматтык милдеттерин натыйжалуу жана так аткаруу жардам берет деп ишенебиз», – деп билдирди Жогорку соттун төрагасы.
Ал эми Адылбек Касмалиев жаңы үлгүдөгү бул кызматтык автоунаалар сот приставдарынын элибизге кызмат кылуусуна, тактап айтканда соттун чечимдерин кечиктирбестен өз убагында ыкчам аткарууга өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.
Белгилей кетүүчү жагдай, бул кызматтык унаалар республика боюнча сот приставдарына бөлүштүрүлүп берилет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
