КР ЮСтиция минитсрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматында санарип башкаруу пунктунун (СБП) ачылышы болду.
Пункттун долбоору КР Башкы прокуратурасынын алдындагы Укук мамлекеттик мекемесинин адистери тарабынан иштелип чыккан жана Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын ишмердигин оптималдаштыруу үчүн заманбап технологияны колдонууну өздөштүрүү жана жайылтууга багытталган. Санарип башкаруу пункту жогорку технологиялык тутум. Өз убактысында сүрөттөөнү, мониторинг жана координациялоону камсыз кылат. СБП чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды ыкчам чогултууга жана талдоого жол берет, башкаруунун натыйжалуулугун арттырат.
СБП соттолгондорду конвой менен коштоп жүрүү процессин, ошондой эле түзөтүү мекемелерин кайтарууга алган бөлүкчөлөрдүн ишмердигин дайыма көзөмөлдөп туруу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Тутум кырдаал өзгөргөн учурларда тез жооп кайтарууга жана аны турукташтыруу чараларын көрүүгө жол берет.
Долбоордун алкагында түзөтүү мекемелерине жана атайын автоунааларга видебайкоо тутумдары орнотулган. Кароол башчылары жана башка күжүрмөн кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары төшкө тагылуучу камералар менен жабдылмакчы. Мындай аракет өз убактысында маалыматты башкаруу пунктуна берүүгө жана болуп жаткан окуяларды көрүп турууга шарт түзөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
