Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 4,2 пайызды түздү.
Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда, Улуттук статистикалык комитеттин маалымат жыйынында айтылды.
Мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалар 9,3 пайызга, азык – түлүк эмес товарларга – 3,6 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 2,3 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер – 7,5 пайызга жогорулады.
Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды.
Баалардын максималдуу өсүшү (5,1 пайыз) Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында катталды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
