Сузак райондук милициясынын жаңы имараты пайдаланууга берилди
Бүгүн Сузак райондук милициясынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ИИМ башчысынын орун басары, ардагерлери жана өздүк курамы да катышты.
Сузак райондук милициясында жаңы администартивдик имарат, спорт залы, ашканасы, унаа токтотуучу жайлары курулган жана башка тийиштүү заманбап шарттар толугу менен түзүлдү.
Мындан сырткары, райондук бөлүмдүн алдына жарандар үчүн аллея да курулду.
Камчыбек Ташиев жаңыланган имаратты көрүп чыгып, кызматкерлерге мындан ары да татыктуу кызмат кылууга, эң негизгиси – мыйзамдуулукту так сактоону эскертти
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
