Сузак жана Кара-Суу райондорунда фермерлерди тейлөө борбору ачылды - ИА Караван Инфо
Сузак жана Кара-Суу райондорунда фермерлерди тейлөө борбору ачылды

Сузак жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрацияларында дыйкан-фермерлерди тейлөө борборлору ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 

Анда дыйкандар райондук мекеме-ишканалардын адистеринен, «Айыл-Банк», «Элдик Банк» ААКнын өкүлдөрүнөн толук кандуу кеп-кеңеш алып, чечилбей жаткан маселелерине жооп алып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Борбордун ишмердүүлүгү боюнча толук маалыматты төмөндөгү телефон номери аркылуу байланышса болот: 03748 50881, 0772603191.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Каракол жана Жалал-Абад шаарларында да дыйкан-фермерлерди тейлөө борборлору ачылуу алдына турат.

Эске салсак, буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин борбордук аппаратынын башкы имаратында дыйкан-фермелерди  тейлөө борбору ачылган болчу.

Долбоордун негизги максаты – дыйкан-фермерлерге кандай урук-көчөттөргө маани берүү зарылдыгын, эмнени өндүрүү керектигин, даяр продукцияны кайда сатууга болоорун, аларга мамлекет тарабынан кандай колдоолор каралгандыгы, ж.б көптөгөн суроолорго жеткиликтүү маалымат, кеңеш алуучу аянтчаны түзүү болуп саналат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: