Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
Бүгүн, 16-декабр. эртең менен саат 09:00-дө Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу ТжКМ караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” МИ басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери кызуу жүрүүдө.
Урматтуу айдоочулар, ашуу тилкелерге сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгуу керек.
Дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, 500 метр аралыкты сактаңыздар.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
