Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар Кыргыз Республикасына келди.
Түндүк Кипрдин президентин “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Белгилей кетсек, Түндүк Кипр Кыргызстанда ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине байкоочу өлкө катары катышат.
Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркия Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.
Айта кетсек, бүгүн 5-ноябрда Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевдин, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин келээри күтүлүүдө, эртең 6-ноябрда Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин келээри пландалууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
