«Түндүк» темир жол бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамын бузуу фактысы аныкталды.
Чек ара кызматынын «Чалдыбар-авто жолу» өткөрүү пунктунда Казакстан Республикасынын жараны «З.А.Т.» башкаруусунда «VOLVO FH» жүк ташуучу унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган.
Андан кийин Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө автотранспорттун каттоо күбөлүгү жана кошумча документтер жасалма экени аныкталды. Иштин бардык жагдайлары такталганга чейин унаа Беловодское убактылуу сактоо кампасына киргизилди. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 1 458 841 сомду түздү.
Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
